Эрдоган: «Түркия бул пандемияны жеңе турган күчкө жана көлөмгө ээ»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкы жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган,видео конференция ыкмасы менен АК партиянын шаар башчыларына кайрылды.

1390202
Эрдоган: «Түркия бул пандемияны жеңе турган күчкө жана көлөмгө ээ»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын жаңы типтеги коронавирусту (Ковид-19) жеңгидей күчкө жана көлөмгө ээ болгонун айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкы жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган,видео конференция ыкмасы менен АК партиянын шаар башчыларына кайрылды.

Эрдоган, коронавирус менен күрөшүү мезгилинде мэрияларга абдан маанилүү милдеттер берилгенин белгилеп кетти.

Мэрияларда тазалык жана коронуу каражаттарынын камсыздалышы жана таркатылышын кеңири түрдө жүргүзүү керектигине токтолгон Президент, өзгөчө жумушсуз калгандыгы же кирешеси жетишсиз болгону үчүн жашоо кыйынчылыгын тарткан атуулдардын эч качан жалгыз калтырылбашы керектигин баса белгилеп, «Эң чоң алдыңкы максатыбыз атуулдарыбыздын жашоо кыйынчылыгын тартпастан негизги муктаждыктарын камсыздай алууларын камсыздоо болуп саналат»,-деди.

Эрдоган, дос жана тууган өлкөлөргө да колдоо көрсөткөн Түркиянын, бир топ өлкөгө салыштырмалуу жакшы абалда болгонун, бирок муну жетиштүү деп карабай тургандарын айтты.

Коронавирус пандемиясы менен күрөшүүнүн бир гана өкмөт жана мамлекеттин эмес, бүткүл мекеме жана уюмдардын маселеси болгонун түшүндүргөн Эрдоган: «Түркия бул пандемияны жеңе турган күчкө жана көлөмгө ээ»,-деди.

Президент, дүрбөлөңгө түшпөстөн, акыл эстүү, тең салмактуу жана чыныгы кадамдар менен коронавирус менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Эң чоң күчүбүз биримдигибиз»,-деп айткан Эрдоган, ар кимди дагы бир жолу ынтымактуу болууга, тууган болууга жана  чогуу чаран Түркия болууга чакырды.



Тектеш кабарлар