Вице  - президент Фуат Октай улуттук колдошуу акциясына байланыштуу маалымат берди

Фуат Октай жарандарга «Үйдө бол Түркия» чакыруусун да салды.

1389006
Вице  - президент Фуат Октай  улуттук колдошуу акциясына байланыштуу маалымат берди

Вице  - президент Фуат Октай жаңы тип коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде  баштатылган улуттук колдошуу акциясынын түрк калкынын тилектештигин көрсөткөн бир символ экендигин айтты. Октай ТРТдагы түз эфирге телефон аркылуу байланышып президент Р. Т. Эрдогандын жол башчылыгындагы : «Биз өзүбүздү бакканга жетебиз Түркиям» деген ураан менен баштатылган улуттук колдошуу акциясына байланыштуу маалымат берди. Октай түрк улутунун биримдигине көңүлдөрдү буруп : «Кадимки учурлардагы  биримдигибиз өзүнчө бир абал, бирок башыбызга бир нерсе келген учурда тик турууну билген, биримдиктүү болууну билген улутпуз»,- деди. Коронавирустун Кытайдан башталгандыгын белгилеген Октай : «Азыркы тапта жүргүзүлгөн акция да негизинен көргөн чараларыбызга кошумча катары биримдигибизди көрсөткөн символ. Биз колубуздан келгенди акырына чейин аткарабыз. Мындан кийин да аткарабыз. Бул вирусту жана кыйынчылыкты бирдикте өткөрөбүз. Бул процессти балдарыбызга биримдиктин үлгүсүн калтырган бир мезгил катары эстейбиз»,- деди.

Фуат Октай жарандарга «Үйдө бол Түркия» чакыруусун да салды.

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да эфирге катышып акцияга колдоо берди. Алтун : «Мүмкүнчүлүгү болгон бардык жарандарыбызды бул акцияга кошулууга чакырам. Жарандарыбыздын бул акцияга колдоо берип жатканын көрүп турабыз. Себеби тилектешик күнү, жакшылык кылуу элибиздин уюткусунда бар»,- деди.

 



Тектеш кабарлар