Түркия Газада курдурткан оорукана ишке кирди

Палестинанын өкмөт катчысы Ибрахим Милхим Палестина мамлекетинин жана калкынын  Түркиянын берген жардамдарынан ыраазы экендигин айтты.

1388514
Түркия Газада курдурткан оорукана ишке кирди

Түркия курган Газа, Палестина  - Түркия достук ооруканасы Израиль блокадасы астындагы Газада жаңы типтеги коронавирус эпидемиясы менен күрөштө кызмат кыла баштады.

Палестинанын өкмөт катчысы Ибрахим Милхим басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарында премьер  - министрлик кеңсесинде өткөргөн пресс  - жыйынында Газа, Палестина  - Түркия достук ооруканасынын Ковид  - 19 менен күрөшүү үчүн кызматка киргендигин билдирди.

Милхим  Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын президент Р. Т. Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн жана сүйлөшүүдө оорукананын кызматка кириши тууралуу меморандумдун түзүлгөндүгүн  белгиледи.

Катчы Палестина мамлекетинин жана калкынын  Түркиянын берген жардамдарынан ыраазы экендигин айтты.

Түрк Кызматташуу жана Координация Агенттиги башкармалыгы ТИКА тарабынан курулган Палестинанын эң чоң саламаттык сактоо борбору Газа, Палестина  -  Түркия достук ооруканасы президент Эрдогандын жолдомосу менен коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде «убактылуу картантин ооруканасы» катары пайдалануу үчүн 26 – мартта палестиналык жетекчилерге өткөрүлгөн.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар