Түркия Түндүк Македонияны НАТОго кошулгандыгы менен куттуктады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Түндүк Македониянын 30-мүчөсү катары Түндүк Атлантика Шериктештигине (НАТО) кошулуусуна абдан кубануудабыз»,-делди.

1386942
Түркия Түндүк Македонияны НАТОго кошулгандыгы менен куттуктады

Түркия, Түндүк Македониянын НАТОго 30-мүчөсү катары кошулгандыгы менен куттуктады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Түндүк Македониянын 30-мүчөсү катары Түндүк Атлантика Шериктештигине (НАТО) кошулуусуна абдан кубануудабыз»,-делди.

Түндүк Македониянын НАТОго толук мүчөлүгүнүн Балкан өлкөлөрүнө коопсуздук жана ыраттуулук алып келүүсү жагынан маанилүү кадам экенин баса белгилеген билдирүүдө, «Бул мүчөлүк бир эле убакта НАТОнун глобалдык баалуулуктарынын корголушу жагынан мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүн арттырат. Түркия жана Түндүк Македониянын ортосундагы түптүү достук жана кызматташтыктын шериктештик байланышы менен жаңы көлөмгө ээ боло турганына толук ишенебиз»,делди.

Түндүк Македония менен НАТОнун ортосунда кошулуу меморандумуна  2019-жылдын 6-февралында кол коюлган.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, мурдагы күнү жазуу түрүндөгү билдирүү менен Түндүк Македониянын бардык расмий процесстеринин бүткөрүлүшүнөн кийин шериктештиктин 30-мүчөсү болгонун жарыялады.

НАТОнун Штабында эртең боло турган азем менен Түндүк Македониянын туусу флаг-штокко илинет.



Тектеш кабарлар