Түркия Түндүк Македония менен Албанияны куттуктады
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.
![Түркия Түндүк Македония менен Албанияны куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f86a/650f/535e/5d0f224e53c40.jpg?time=1718945469)
Түркия, Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн расмий башталышына чечим чыгарылган Түндүк Македония менен Албанияны куттуктады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн башталуусуна чечим чыгарылган дос жана шериктешибиз Түндүк Македония менен Албанияны жана Европа Биримдигин куттуктайбыз»,-деди.
Түркиянын да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан талапкер өлкө экендиги жана Балкан өлкөлөрүнүн Европа-Атлантика бүтүндөшүүлөрүн эң баштан бери колдогондору баса белгиленген билдирүүдө, бул сөздөргө орун берилди: «Түркия бул чечимдин аймактын бакубаттыгына жана Европа Биримдигинин дүйнөлүк күч болуусуна карата аракеттерине чоң салым кошооруна ишенет. Европа Биримдигинин ээ болгон эң маанилүү жумшак күч элементи болгон кеңейүү саясатынын ишендирүүчү жана адилеттүү болушуна, тар маанидеги улуттук кызыкчылыктар үчүн саясатташтырылбашына жана 7 талапкер өлкөнү шыктандыруусуна ар дайым болгондон дагы көбүрөөк муктаждык бар».
Европа Биримдиги 25-мартта Албания жана Түндүк Македония менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн расмий баштоо чечимин чыгаргандыгын жарыялаган эле.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718945469)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.