Түркия: коронавируска чалдыккан 26 адам айыкты

Коронавирустан каза тапкандардын саны 59га жетти.

1385167
Түркия: коронавируска чалдыккан 26 адам айыкты

Түркияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 59га жетти.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерден берген маалыматында: «15 бейтап көз жумду, бүгүнкү күнгө чейин каза тапкандардын саны 59 киши», деди.

Министр Кожа, акыркы 24 сааттын ичинде 5 миң 35 тесттин жыйынтыгы чыгып, 561 диагноз коюлгандыгын билдирди.  

Саламаттык сактоо министри, Илимий кеңеш менен өткөргөн жыйындан кийин жарыялаган билдирүүсүндө болсо 26 бейтаптын айыгып ооруканадан чыккандыгын кабарлаган эле.

Ушул эле жыйындан кийин улуттук билим берүү министри Зийа Селчук, мектептердин 30-апрелге чейин жабык болоорун, аралыктан билим берүүнүн улана тургандыгын маалымдады.



Тектеш кабарлар