Кытайдан Түркияга алып келинген дары-дармектер 40 шаарга таркатылды
Бул туурасында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.
Түркияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 37ге жетти.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерден берген маалыматында: «Акыркы 24 сааттын ичинде 3 миң 672 тесттин жыйынтыгы чыкты. 293 жаңы бейтап катталды. Аракеттерибизге карабастан оорунун айынан дагы 7 адамыбыз көз жумду»,-деди.
Министр Кожа жаштарды да эскертип: «Эпидемиянын тышында эмессиңер. Жашооңорду акырындаткыла. Коркунучтун чөйрөсүнө кирбегиле. Коркунучту үйүңөргө алып барбагыла. Үйдөн чыкпагыла, жашоо үйгө батат»,-деп айтты.
Түркияда бүгүнкү күнгө чейин Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 37ге, вирусту жугузуп алгандардын саны болсо 1 миң 529 кишиге жетти.
Бир тараптан Фахреттин Кожа, Кытайдан Ковид-19 үчүн алып келинип Анкарага жеткирилген дары-дармектердин, кечки убактарда тез жардам учактары менен 40 шаарга таркатылгандыгын билдирди.
Министр Кожа: «Жаңы дары-дармектер, интенсивдүү жардам бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан Ковид-19 бейтаптары үчүн колдонулат»,-деди.