Түркияда коронавирустан каза тапкандардын саны көбөйүп баратат
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттер аркылуу маалымат берди.
1382987
![Түркияда коронавирустан каза тапкандардын саны көбөйүп баратат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8b9f/9aaa/01b0/5e785519659ae.jpg?time=1718835339)
Түркияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 30га жетти.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттер аркылуу берген маалыматында: «Коронавирустан дагы 9 киши каза болуп, жаңы 289 бейтап катталды. Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 236га жетти»,-деди.
Министр Кожа бүгүнкү күнгө чейин 20 миң 345 тест кылынганын белгилеп: «Этият бололу. Бул өлкө бул коркунучка каршы жеңилүүгө учурабайт»,-деп айтты.