Тышкы иштер министри телеконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдү
Чавушоглу кесиптештери менен өткөргөн сүйлөшүүдө вирус менен күрөшүүнүн негизинде бирдикте таштала турган кадамдарды карап чыгышкандарын айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Боррелл менен жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам орток телеконференция аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Мевлүт Чавушоглу твиттерден берген маалыматында Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань, Австралиянын тышкы иштер министри Марисе Пайне, Бразилиянын тышкы иштер министри Ернесто Араужо, Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Канг Кюнг – уха жана Италиянын тышкы иштер министри Луиги Ди Маио менен телеконференция аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгиледи.
Чавушоглу кесиптештери менен өткөргөн сүйлөшүүдө вирус менен күрөшүүнүн негизинде бирдикте таштала турган кадамдарды карап чыгышкандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.