Түркия Ирактагы кол салууну айыптады

Түркия Иракта ДЕАШ террордук уюму менен күрөшүү коалициясы жана НАТО кызматкери болгон базага карата кол салууну айыптады.

1377162
Түркия Ирактагы кол салууну айыптады

Түркия Иракта ДЕАШ террордук уюму менен күрөшүү коалициясы жана НАТО кызматкери болгон базага карата кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Иракта ДЕАШ менен күрөшүү коалициясы жана НАТОнун Ирак миссиясынын кызматкери болгон Тажи базасына карата 11 -  март күнү кечки сааттарда болгон, өлүм жана жараланууларга жол ачкан ракеталык кол салууну айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Ирак мекемелери кол салууну жасагандардын эртерээк кармалып сот алдына чыгарылышы керектигин билдирип,  кийинки мезгилдерде мындай кол салуулардын кайталанышына тоскоол болуу чааларынын көрүлүшү күтүлүп жаткандыгын маалымдашты.

«Ирактын террор менен күрөшүнө колдоо берген жана коопсуздук көлөмүнүн кеңейтилишине салым кошкон чет элдик кызматкерлерди бутага алган бул кол салуунун аймагыбыздын ырааттуулугу жана коопсуздугун коркунучка сала турган жаңы бир кагылышууга жол ачпашын каалайбыз. Бардык тараптарды тынчтык ичинде кыймыл кылууга чакырабыз»,- деп билдирилди маалыматта.

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция Иракта коалиция күчтөрү жайгаштырылган Тажи базасына жасалган ракеталык кол салууда 3 аскер каза болуп, 12 аскердин жаралангандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар