Президент Эрдоган Идлибде өкмөт убадада турбаса башка чара колдонушарын айтты

Эрдоган В. Путин менен жолугушкандан кийин Идлибде түзүлгөн ок атышпоо келишими менен элдин узун убакыттан  кийин биринчи жолу эс алгандыгын белгиледи.

1376364
Президент Эрдоган Идлибде өкмөт убадада турбаса башка чара колдонушарын айтты

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Идлиб аймагында өкмөт ок атышпоо убадасына баш ийбесе башка чара колдонушарын айтты.

Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Идлибде бир айдан бери жүргүзүлгөн операциялар жана өткөн айда башталган «Жаз калканы» операциясынын чектерине чейин келген коркутуулардын алдын тосуу чечкиндүүлүгүнүн бир түшүндүрмөсү экендигин айтты.

Президент Эрдоган өткөн жумада  Орусияга жасаган сапарында кесиптеши В. Путин менен жолугушкандан кийин Идлибде түзүлгөн ок атышпоо келишими менен элдин узун убакыттан  кийин биринчи жолу эс алгандыгын белгиледи.

Өкмөттүн жана аны менен бирге иштеген сектанттык күчтөрдүн ок атышпоого канчалык баш ийеринин белгисиз экендигин айткан Эрдоган : «Азыртадан эле аз да болсо эреже бузуулар болууда. Орусия тарабы менен түзгөн келишимге ылайык бул абалдарды бөлүшүп жана чаралардын көрүлүшүн күтүүдөбүз»,- деди.

Сириядагы бардык байкоо жерлерине жасала турган кол салууга жооп кайтаруу менен эле калбастан, дагы оор чаралардын көрүлөрүн баса белгилеген президент Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Өкмөттүн жана аны колдогон куралдуу кишилердин ок атышпоо жолунда кылгандарын иликтеп жатабыз. Берген убадага каршы тарап да ошол эле жоопкерчиликти көрсөтсө акырына чейин баш ийебиз бирок убадасында турушпаса мурункусуна караганда дагы оор чараларды көрүүдөн качпайбыз».

Сирия менен болгон 911 километрдик чек арабыздын ар бир карышын террордук уюмдардан, сектанттык режим күчтөрүнөн алыс кармай тургандай түрдө коопсуздук астына алууда чечкиндүү экендерин баса белгилеген президент Түркиянын бул убактылуу ок атышпоо жана буга байланыштуу келишимдерди өкмөткө же террордук уюмдарга күчү жетпегени үчүн эмес, Идлибдеги кризиске бардык тараптар үчүн ылайыктуу. Ишке ашырууга боло турган жана улантууга боло турган бир чечүүчү жолдун табылышы үчүн түзгөндүгүн билдирди.  

Сирия өкмөтү жана аны колдогондорго оболу өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн жикчил террордук уюмдан куткарууга чакырган Эрдоган бул ишке ашканда Идлиб жана башка аймактардагы маслелердин чечилишинин да жеңил болорун белгиледи.

Президент Эрдоган эл аралык коомду да аракет кылууга, Түркиянын аракеттерине колдоо көрсөтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар