"Сирия өкмөтү алдыга жылууну уланта турган болсо куралдуу учкучсуз унаа аппараттары менен атабыз"

Тышкы иштер министри Чавушоглу Анадолу агенттигине күн тартиби тууралуу маалымат берди

1375571
"Сирия өкмөтү  алдыга жылууну уланта турган болсо куралдуу учкучсуз унаа аппараттары менен атабыз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сирияда Башар Асад өкмөтүн ок атышпоолорго карабастан Идлибге карай алдыга жылууну уланта турган болсо Түркиянын аскердик кыймылын калган жерден улантары тууралуу эскертти.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Анадолу агенттигине күн тартиби тууралуу маалымат берди. Түркия менен Орусиянын 5 -  мартта Москвада түзгөн ок атышпоо меморандумуна токтолгон Чаувушоглу : «Баарыдан мурда бул ок атышпоо Идлибдеги сириялык бир туугандарыбыз үчүн пайдалуу. Биз эмне үчүн күрөшүп жатабыз. Чек арабыздагы кысымды азайтуу үчүн өлкөбүздөгү качкындардын үйлөрүнө кайтышы үчүн күрөшүүдөбүз. Сирияда тынчтыктын тургузулушун каалайбыз. Максат абалды тынчтандыруу. Бул ок атышпоону туруктуу абалга алып келүү үчүн ишибизди улантабыз»,- деди.

Сирия өкмөтүнүн эреже бузгандыгына токтолгон Чавушоглу : «Кечээ бир эреже бузуу болду. Бир айнек сынды. Орусия кечээ Сирия өкмөтүн эскертти. Сирия өкмөтү бул ок атышпоого баш ийбесе ушул кезге чейин каарман аскерибиз эмне кылган болсо аны аткарабыз. Куралдуу учкучсуз унаа аппатартарыбыз кандай жок кылган болсо дагы ошону кылабыз. Муну меморандумда да ортого салдык»,- деди.



Тектеш кабарлар