Эрдоган:«Түркиянын түштүк чек аралары НАТОнун дагы түштүк чек аралары болуп эсептелет»

Эрдоган, иш-сапары менен барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушкан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1375075
Эрдоган:«Түркиянын түштүк чек аралары НАТОнун дагы түштүк чек аралары болуп эсептелет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, НАТОнун Түркия менен колдошуусун так түрдө көрсөтүүсү керек болгон орчундуу мезгилде экенин айтты.

Эрдоган, иш-сапары менен барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушкан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Түркиянын 9 жылдан бери Сириядан келген коркунучтар менен алпурушуп жатканын айткан Эрдоган: «ДЕАШ менен бетме-бет салгылашкан жана бул жаатта шейиттери да болгон НАТОнун жалгыз өлкөсүбүз»,-деп айтып, НАТОнун Түркия менен колдошуусун так түрдө көрсөтүүсү керек болгон орчундуу мезгилде экенине токтолду.

Президент: «Эң негизгиси НАТОнун өлкөбүздүн коргонуусуна жана террор менен күрөшүүсүнө кошумча нарк кошуусу болуп саналат. Шериктештерибиз өлкөбүз менен колдошууларын бөлүүчүлүк кылбастан жана саясий шарттарды алдыга түртпөстөн көрсөтүшү керек»,-деди.

Эрдоган, Түркиянын түштүк чек араларынын НАТОнун дагы түштүк чек аралары экенин баса белгилеп, «Эч бир Европа өлкөсүнүн Сириядагы кагылышууларга жана адамзат трагедиясына кайдыгер кароо сыяктуу ыңгайы жок»,-деди.



Тектеш кабарлар