«Бөлүктөрүбүзгө, байкоо жерлерибизге карата кол салууларга эч ойлонбостон жооп кайтарабыз»
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жуманын башында Орусия аскердик делегациясынын Анкарага келерин билдирди.
![«Бөлүктөрүбүзгө, байкоо жерлерибизге карата кол салууларга эч ойлонбостон жооп кайтарабыз»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a12c/a6b1/7fdc/5e6354ad04d2e.jpg?time=1718857993)
Жуманын башында Орусия аскердик делегациясы Анкарага келет. Маалыматты Сирия чек арасындагы бөлүктөрдө иликтөө жүргүзгөн Улуттук коргоо министри Хулуси Акар берди.
Орусия менен түзүлгөн Идлиб меморандумун карап чыккан Акар : «Президентибиздин жол башчылыгында тынчтыкка кеткен жолдо Идлибде саясий чечүүчү жол тууралуу маанилүү кадам ташталды»,- деди.
15 - марттан тарта М 4 кургактык жолунда Түркия - Орусия биргелешкен күзөттүн башталарын айткан Акар : «Кургактык боюнча курула турган коопсуздук коридорунун негиздери тууралуу иштей баштадык»,- деди.
Ок атышпоонун күчүнө киришенен бери эч бир эреже бузуунун болбогондугун белгилеген Акар : «Ок атышпоо эрежесин бузууга каршы баш тарттыруучу күч болууну улантабыз»,- деди. Хулуси Акар аймактагы абалдарды жакындан иликтегендигин белгилеп : «Бөлүктөрүбүзгө, байкоо жерлерибизге карата кол салууларга эч ойлонбостон жооп кайтарабыз»,- деп айтты.