Президент Р. Т. Эрдоган учакта журналисттерге маалымат берди

Р. Т. Эрдоган Идлибдин Илдибдин  Орусия менен Түркиянын ортосундагы бир окуя эмес экендигин белгиледи.

1373540
Президент Р. Т. Эрдоган  учакта журналисттерге маалымат берди

 

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча Сириянын Идлиб шаарындагы ок атышпоонун маанилүү жетишкендиктерди алып келгендигин билдирди. Эрдоган Орусиядан кайтышында учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Президент Эрдоган Идлибде түзүлгөн ок атышпоо тууралуу : «Сирия өкмөтүнүн ыктымалдуу эреже бузуу жана кол салууларына карата даяр турабыз. Бир жерде жараңка кете турган болсо дароо кийлигишебиз»,- деди.

Максаттарынын Сирияда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 - чечиминдеги саясий процессти иштетүү жана Москвага  бара жатып да максаттарынын ок атышпоону түзүү экендигин жана мында ийгиликтүү болушкандарын айтты. Эрдоган Идлибдеги түрк байкоо жерлери тууралуу эч бир өзгөрүүнүн болбогондугун билдирди.

Илдибдин  Орусия менен Түркиянын ортосундагы бир окуя эмес экендигин баса белгилеген президент : «Бул жерде биздин маңдайыбызда Орусия эмес, Сирия өкмөтү турат»,- деди. Президент Эрдоган Түркиядан Европага барууга аракет кылган качкындар тууралуу : «Греция менен бул процессти талкуулай турган убактыбыз жок, ал иш бүттү. Качкындар бара турган жерине чейин барышат. Биз өлкөбүздөн зордоп чыгарып жаткан жокпуз»,- деди.

Батыштын качкындар тууралуу эки жүздүү болгондугун айткан Эрдоган : «Грецияга дароо 700 миллион евро берүүгө убада беришти. 700  миллион евро мындай турсун, (Ангела Меркель) канцлер бизге 25 миллион евродон сөз кылган бирок тилекке каршы  андан бир үн чыга эле»,- деди.

Президент Эрдоган Түркиянын Орусиядан сатып алган С  - 400 абадан коргоо системаларынын баарынын өткөрүп алынгандыгын жана апрель айынан баштап активдүү абалга келтирилерин айтты.

Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен кечээ Ливия тууралуу да сүйлөшкөндөрүн белгилеп, бул жердеги процесстин да Идлиб тууралуу ташталган кадамдарга окшош аякташын күтүшкөрдөрүн белгледи.



Тектеш кабарлар