Түркия менен Ирандын ортосундагы учак каттамдары токтотулду

Маалыматты Жарандык авиация башкармалыгынын Башкы директорлугу жарыялады.

1367154
Түркия менен Ирандын ортосундагы учак каттамдары токтотулду

Түркия менен Ирандын ортосундагы учак каттамдары экинчи жарыяга чейин токтотулду.

Жарандык авиация башкармалыгынын Башкы директорлугу, Түркия менен Ирандын ортосундагы жүргүнчү каттамдарынын экинчи жарыяга чейин убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

Башкы директорлуктун Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө: «Түркия менен Ирандын ортосундагы учак каттамдары экинчи жарыяга чейин токтотулду. Учактар Ирандан жүргүнчүсүз келип Түркиядан Иранга бара турчу жүргүнчүлөрдүн ташылышына уруксат берилет. Бул учууларда түрк жүргүнчүлөр ташылбайт», деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар