Президент Эрдоган: «Путин менен 5-мартта жолугушабыз»

Президент Эрдоган кечээ Азербайжандан өлкөгө кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1366948
Президент Эрдоган: «Путин менен 5-мартта жолугушабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Стамбулда 5-мартта жолугушуу өткөрүшү мүмкүн экенин айтты.

Президент Эрдоган кечээ Азербайжандан өлкөгө кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Сириянын Идлиб аймагы боюнча (Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен) төрттүк жыйын өткөрүлөбү?» деген суроого Эрдоган: «Бул төрттүк жыйын темасында азырынча так эмес десем жаңылышпайм. Анткени Орусиянын президенти Путиндин «Биз муну экөөбүз чогуу өткөрсөк дагы жакшы болот» сыяктуу сунуш айткандыктан мен албетте болот, төрттүк дагы болот дедим. Учурда Идлибде биз экөөбүздүн чечими абдан маанилүү. Күнү темасында дээрлик макулдашкан сыктуубуз, б.а 5-марттан кийин... Жери жагынан Стамбулда өткөрүлүшү мүмкүн»,-деп жооп берди.

Борбор шаар Анкарага келген орус делегациясы менен темага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Бул делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша биз телефон дипломатиясын улантабыз»,-деди.

Түркия менен Орусиянын ортосунда 2018-жылы түзүлгөн Сочи макулдашуусуна сереп салган президент Эрдоган, Башар Асад күчтөрү тарабынан түрк аскерлерине карай курчоого алуусуна уруксат бербей тургандарын айтты.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамптын буга чейин колдоо көрсөтөөрүн билдиргенин белгилеген Эрдоган, азырынча бул колдоонун келе электигин, Трамп менен дагы бир жолу сүйлөшө тургандыгын айтты.

Эрдоган: «Учурда АКШнын бизге бере турчу «Патриот» абадан коргонуу системасы жок. Биз сунушубузду айттык, «Эгерде бизге жөнөтө турган болсоңуздар биз сизден дагы Патриот сатып ала алабыз» дедик»,- деди.



Тектеш кабарлар