Эрдоган: «Максатыбыз Түркия-Азербайжан соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүү»

Түркия-Азербайжан Стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку даражалуу кеңешинин 8-жыйыны Азербайжандын борбор шаары Бакуда президент Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин катышуусунда өтө баштады..

1366366
Эрдоган: «Максатыбыз Түркия-Азербайжан соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүү»
erdoğan azerbaycan.jpg
aliyev.jpg
erdoğan azerbaycan.jpg
aliyev.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия жана Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмүнүн орто эсеп менен 4,5 миллиард доллар экенин эске салып, «Эми бардык максат, соода көлөмүн мындан мурда белгилегенибиз сыяктуу 15 миллиард долларга жеткирүү»,-деди.

Түркия-Азербайжан Стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку даражалуу кеңешинин 8-жыйыны Азербайжандын борбор шаары Бакуда президент Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин катышуусунда өтө баштады..

Жыйналыштын алдында маалымат берген Эрдоган: «Эми бардык максат орто эсеп менен 4,5 миллиард доллардык соода көлөмүн мындан мурда белгилегенибиз сыяктуу 15 миллиард долларга жеткирүү. Бул темада тууганым менен (Азербайжандын президенти Илхам Алиев) бирдей пикирде болдук. Бул үчүн министр жолдошторубуз колдорунан келген аракетти жумшашы керек»,-деди.

Түркия жана Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштардын достук жана туугандыктын негизинде курулган стратегиялык карым-катнаштар болгонун айткан Алиев болсо, жыйналыштын Түркия-Азербайжан карым-катнаштарынын келечеги жагынан маанилүү экенин баса белгилеп, кол коюла турган келишимдердин карым-катнаштарды чоң өлчөмдө күчтөндүрө турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар