Алтун:«Орусиянын Асад режимине көрсөткөн колдоосу аймакта адамзат кризисин дагы күчөтүүдө»

Алтун, Твиттер барагынан берген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жума күнү ишке ашырган телефондогу сүйлөшүүсүндө Идлиб тууралуу санааркоолорун кеп кылганын баяндады.

1364569
Алтун:«Орусиянын Асад режимине көрсөткөн колдоосу аймакта адамзат кризисин дагы күчөтүүдө»

Президенттик аппараттын коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Орусиянын Сирияда Асад режимине көрсөткөн колдоосунун аймакта адамзат кризисинин дагы оорлошуусуна себепчи болгонун белгиледи.

Алтун, Твиттер барагынан берген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жума күнү ишке ашырган телефондогу сүйлөшүүсүндө Идлиб тууралуу санааркоолорун кеп кылганын баяндады.

Орусиянын Асад режимине көрсөткөн колдоосунун ансыз деле оор абалда болгон адамзат кризисинин мындан дагы оорлошуусуна себепчи болгонун белгилеген Алтун: « Чек араларыбызда бир миллион качкын жана коопсуздугубуз жагынан барган сайын чоңоюп бараткан коркунучка туш келдик»,деген серебин салды.

Алтун, Сочиде Орусия менен келишим түзүлгөнүн жана бул келишимдин талабын орундатууга аракет кылгандары белгиленген жарыяда бул сөздөргө орун берилди: «Бардык тараптардын убадасын аткара турганын жана ыраттуулукту камсыздоого аракет кыла турганын үмүт кылуудабыз. Муну менен катар күчтөрүбүздү кандайдыр бир коркунучтан коргоодон дагы тартынбайбыз. Эч ким биздин чечкиндүүлүгүбүздү сынабасын. Асад режиминин коркунучтуу кыймылдары, карапайым адамдардын каза болушу жана аймагыбыздын ыраатсыздыгы менен натыйжаланууда. Эми сабыр кылып тура албайбыз, бирок Орусиянын кызматташа турганына ишенүүдөбүз. Ошентсе дагы улуттук коопсуздугубузду коргоонун жолдорун издөөдөн алыс турбайбыз. Миллиондогон бейкүнөө сириялыктардын жерлеринен ажыратылышын эч бир себеп мыйзамдуу кыла албайт».



Тектеш кабарлар