Түркия Идлибде режим күчтөрүнө жооп кайтарууда
Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
1357675
![Түркия Идлибде режим күчтөрүнө жооп кайтарууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9b39/1fb7/1819/5dbbe409ef093.jpg?time=1718827705)
Улуттук коргоо министрлиги, Сириянын Идлиб аймагындагы 51 режим бутасынын жок кылынгандыгын билдирди.
Мурунку күнү 5 түрк аскери шейит кылынгандан кийин аймакта жүргүзүлүп жаткан операциялар тууралуу Министрлик маалымат берди.
Билдирүүдө: «Идлибде 51 режим бутасы жарактан чыгарылып, 2 танка, 1 зениттик замбирек жайы менен 1 ок-дары сактоочу кампа жок кылынды, 1 танка колго түшүрүлдү»,-делди.
Дүйшөмбү күнкү кол салууга жооп кайтарылып, 100дөн ашуун режим аскери жок кылынды.