Президент Эрдоган Европаны принципке турууга чакырды

Эрдоган: «Тымызын жүргүзүлгөн иштердин эч бири максатына жетпейт»

1358396
Президент Эрдоган Европаны принципке турууга чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа өлкөлөрүн террорго каршы принципке турууга чакырды.

Эрдоган Кахраманмарашта шаардын 100 жылдык маарекесинин алкагында уюштурулган аземге катышты.

Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, кызыл бюллетень менен изделген ПКК мүчөсү жикчил террористтердин Европа Парламентинин чатырынын астында коноктолушуна каршылык көрсөттү.

Эрдоган: «Болуп жаткан окуялар Европа Биримдигинин жана Европа өлкөлөрүнүн террорго каршы чындыксыз, туруксуз мамилесинин бир көрүнүшү болуп саналат»,-деди.

Европа Биримдигин жана Европа өлкөлөрүн дагы бир жолу террорго каршы принциптүү жана кадыр-барктуу мамиле кылууга чакырган Эрдоган: «Аянтта дагы, үстөлдө дагы тымызын жүргүзүлгөн иштердин эч бири максатына жетпейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар