Сирияда Асад режиминин күчтөрүнүн кол салуусуна дароо эселентип жооп кайтарылды

Бул тема тууралуу маалымат Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана эл менен байланыштар кеңешчилигинен берилди.

1356664
Сирияда Асад режиминин күчтөрүнүн кол салуусуна дароо эселентип жооп кайтарылды

Сирияда Идлибдин түндүгүндө Башар Асад режиминин күчтөрүнүн замбирек менен атууларынан 5 аскер шейит болуп, 5 аскер жаракат алды.

Бул тема тууралуу маалымат Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана эл менен байланыштар кеңешчилигинен берилди.

Анда, «Идлибде кагылышууларга бөгөт болуу, чек ара коопсуздугубузду камсыздоо, көч жана адамзат трагедиясынын алдын алуу максаты менен аймакка кошумча түрдө жөнөтүлгөн бөлүктөрүбүзгө Асад Режими тарабынан 2020-жылдын 10-февралында болгон замбирек менен атууларынын себебинен 5 баатыр куралдаш жолдошубуз шейит болду, 5 куралдаш жолдошубуз жаркат алды»,делди.

Кол салуудан кийин аймакта белгиленген буталар дароо катуу бомбаланып керектүү жооп кайтарылганы маалымдалды.

Анда, «Буталар талкаланды жана шейиттерибиздин каны жерде калтырылган жок, калтырылбайт. Абалдар кылдат байкалууда жана керектүү чаралар көрүлүүдө»,делди.

Кол салуу тууралуу президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык медиа барагы Твиттерден маалымат берди.

Алтун: «Кол салууга эселентип жооп кайтарылды; душмандын буталары дароо жок кылынып, шейиттерибиздин каны жерде калтырылган жок. Бул мыкаачылык кол салуунун буйругун берген согуш кылмышкери, жалгыз эле Түркияны эмес, эл аралык коомчулуктун бардыгын бутага алууда. Дүйнө жүзүнүн ар тарабында тынчтык жана ырааттуулук үчүн иш-аракетин кылган баатыр Түрк  куралдуу күчтөрүбүз, желегибизге кол салган колдорду сындыруусун, доско ишеним берип, душмандын жүрөгүнүн үшүн алуусун улантат»,-деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар