Вандагы көчкүдө каза болгондордун саны 39га жетти

Кар астында азыр да 1 же 2 кишинин бар экендиги болжолдолууда.

1354559
Вандагы көчкүдө каза болгондордун саны  39га жетти

Вандын Бахчесарай районунда  көчкү астында калган эки кишинин дагы жансыз денеси чыгарылды. Апаатта каза болгондордун саны кырк бирге жетти.

Эртеден бери 3 кишинин жансыз денесин чыгарган Жандармерия изилдөө - куткаруу жана Апааты жана чукул абалды башкаруу башкармалыгынын топтору ишин улантууда.   Изилдөө иштерине дедектив иттер да катышууда.

Кар астында азыр да  2 кишини куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.   Бахчесарай жолунда коопсуздук чараларын көргөн жандармерия   көчкү түшкөн аймакка кирип – чыгууларга уруксат бербей жатат.

Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Ван губернатору Эмин Билмез жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Фатма  Бетүл Саян Кая менен бирдикте кар көчкүдө каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө барып көңүл айтышты.

 

 

 



Тектеш кабарлар