"Асад режими кол салууларды уланта турган болсо дагы жооп кайтарабыз"

Режим күчтөрүнүн 3 -  февралда түрк аскерлери шейит болгон кол салуусуна түрк куралдуу күчтөрү жооп кайтарган.

1354549
"Асад режими кол салууларды уланта турган болсо дагы  жооп кайтарабыз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сирияда Башар Асад режими кол салууларды уланта турган болсо Түркиянын жооп берерин айтты.

Чавушоглу Түрк Кеңешинин тышкы иштер минисрлеринин кезексиз жыйынына катышуу үчүн барган Азербайжандын борбор шаары Бакуда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Идлибде режимдин кол салуусунун бүткүл дүйнөдө тынчсыздануу жаратканын айткан Чавушоглу бул жердеги жүз миңдеген кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгондугун белгиледи. Чавушоглу режимдин кепилдеринен Орусиядан күтүүлөрүнүн режимди токтотуу экендигин, режим кол салуусун уланта турган болсо Түркиянын жооп кайтарарын баса белгиледи.

Адамзаттык трагедиянын акырына чыгышы үчүн керек болгондордун жасалышынын маанисин баса белгилеген Чавушоглу мунун бир гана Түркиянын жоопкерчилигинде эмес экендигине көңүлдөрдү бурду.

Режим күчтөрүнүн 3 -  февралда түрк аскерлери шейит болгон кол салуусуна түрк куралдуу күчтөрү жооп кайтарган.



Тектеш кабарлар