Түрк аба жолдору Кытайга карата каттамдарды токтотуу мөөнөтүн узартты
Кытайга карата каттамдар февраль айынын аягына чейин узартылды.
1352846
![Түрк аба жолдору Кытайга карата каттамдарды токтотуу мөөнөтүн узартты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9561/10a4/8946/5defa435c0e38.jpg?time=1718852317)
Түрк аба жолдору Кытайга карата каттамдарын токтотуу чечимин февраль айынын акырына чейин узартты.
Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчиси Яхя Үстүн твиттерден маалымат берип : «Коронавирустан улам абалдарды бардык улуттук жана эл аралык органдар менен байланышып иликтеп жатабыз. Ушунун негизинде Пекин, Гуанджоу, Шанхай жана Хиан шаарларына карата каттамдарыбызды февраль айынын акырына чейин токтоттук. Бул тууралуу билдирүүнү улантабыз»,- деди.
Түрк аба жолдору андан мурда Пекин, Гуанджоу, Шанхай жана Хиан шаарларына жасалган каттамдарды 9 - февралга чейин токтотуу чечимин чыгарган болчу.