Эрдоган Идлибде каза тапкандардын саны 8ге жеткенин билдирди

Эрдоган, расмий сапар менен барган Украинада президент Владимир Зеленский менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1352509
Эрдоган Идлибде каза тапкандардын саны 8ге жеткенин билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Сирия Асад режиминин күчтөрүнүн Идлибдеги абадан кол салуусунда шейит болгондордун санынын 8ге жеткенин жарыялады.

Эрдоган, расмий сапар менен барган Украинада президент Владимир Зеленский менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган, бул жердеги сөзүндө, «Идлиб темасындагы абалдар күн өткөн сайын оорлошуп эми ашылып өтүлгүс абалга айланды. Режимдин тилекке каршы Орусиянын да көз жаздымда калтыруусу, кол салуусу менен 3-4 миллион киши жашаган жеринен биздин чек араларды көздөй багыт алышты. Акыркы келген маалыматтагы сан тилекке каршы 1 миллионго жакын адам чек араларыбызды көздөй келе жатат»,-деди.

Идлибде эртең менен Асад режиминин күчтөрү тарабынан абадан болгон кол салууларда шейит болгондордун саны 3ү жаран болуп 8ге жеткенин белгилеген Президент: «Керек болсо аба, керек болсо кургактык күчтөрүбүз менен тынымсыз түрдө аларга беделдерин төлөтүүдөбүз жана төлөтүүнү да улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар