Шентоп саясий партияларга ырахмат айтты
Шентоп: «Палестинага багытталган басып алуу планын эч качан кабыл албайбыз»
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, АКШнын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планын айыптап, Палестина доосунда бир үн болгондору үчүн саясий партияларга ырахмат айтты.
Шентоп Твиттерден: «Түркия Улуу Улуттук Жыйынында фракциясы бар саясий партиялар катары биргелешкен билдирүү менен АКШнын жалган тынчтык планын айыптап жокко чыгарышты. Улуттук Жыйындын төрагасы катары Палестина доосунда бир үн болгондору үчүн партияларыбызга ырахмат айтамын. Палестинага багытталган басып алуу планын эч качан кабыл албайбыз»,-деди.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынында фракциясы бар саясий партиялар кечээ жарыялаган биргелешкен билдирүүсүндө АКШнын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планын айыпташкан эле.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.