Президент Эрдоган Коби Брайанттын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Эрдоган Твиттерден билдирүү бөлүштү.

1348486
Президент Эрдоган Коби Брайанттын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, америкалык жылдыз баскетболчу Коби Брайанттын үй-бүлөсү жана жакындарына көңүл айтты.

Президент Эрдоган, социалдык медиа баракчасы Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Дүйнө жүзүндөгү адамдардын баскетболго болгон кызыгуусун арттырган жана көп сандаган спортчуга илхам болгон легендарлуу жылдыз Коби Брайанттын каза тапканына катуу катуу капа болдук. Түркиянын президенти жана баскетбол сүйүүчү катары, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтамын»,- деди.

Америка баскетбол лигасынын легендарлуу оюнчуларынан 41 жаштагы Коби Брайант жекшемби күнү Калифорниянын Калабасас шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00 чамасында тик учак кырсыгында каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар