Жосеп Боррелль Чавушоглуна көңүл айтты

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаттары боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелль, Элазыгдын Сивриже районунда болгон 6,8 баллдык жер титирөөдө каза болгондордон улам тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна көңүл айтты.

1347711

Дипломатиялык маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда Жогорку өкүл Боррелль менен министр Чавушоглу кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө Чавушоглуна көңүл айтуусун билдирген Боррелл, ар түрдүү жардамга даяр болгондорун да баса белгиледи.

Боррелл, мындан мурда да социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшкөн билдирүүсүндө, «Тилектерибиз Түрк калкы, каза болгондордун үй-бүлөлөрү, жаралуулар жана зыян тарткандар менен...Кылдат байкап жатабыз. Түрк калкын толук колдойбуз»,-деп айтты.

Тектеш кабарлар