Түркия - Алжир бирдикте завод курат
Түркия менен Алжир өнөктөштүгүндө Аданада нефтехимия заводу курулат.
Түркия менен Алжир өнөктөштүгүндө Аданада нефтехимия заводу курулат.
Алжирдин энергетика министри Мухаммед Аркаб Түркия - Алжир Иш Форумунда Анадолу агенттигине берген маалыматта Алжир улуттук энергетика фирмасы Sonatrach менен Түркиядан Ронесанс холдингдин өнөктөшү менен Аданада бир нефтехимия заводунун куруларын белгиледи.
Долбоордун курулушунун 2 жылга жакын созулушун күтүп жатышкандарын айткан Аркаб 2022 – жылдын июнь айында заводдун өндүрүшкө өткөнүн айтты.
Аркаб Sonatrachтын өнөр жайда бат – бат колдонулган полипропилендин өндүрүлүшүндө чийки зат катары колдонуу үчүн бул заводго 450 тонна пропан газын берерин билдирди.
Чыгымынын 1, 4 миллиард долларга жетиши күтүлгөн долбоордун 66 пайызынын Ронесанс холдингге 34 пайызынын болсо Sonatrachка таандык болору билдирилди.