Чавушоглу: «Жаңы качкындар агымын эч ким токтото албайт»

Давос саммитине катышкан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менчик телеканалдын суроолоруна жооп берди.

1344947
Чавушоглу: «Жаңы качкындар агымын эч ким токтото албайт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Башар Асад режиминин Сириянын Идлиб аймагындагы жарандарга карай кол салууларын уланткан учурунда, пайда боло турган качкындар агымынын токтотула алынбай тургандыгын айтты.

50-Дүйнөлүк экономикалык форум Швейцариянын Давос шаарында өтүп жатат.

Саммитке катышкан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, менчик телеканалдын суроолоруна жооп берди.

Чавушоглу, Асад режиминин Сириянын Идлиб аймагындагы жарандарга карай кол салуулары уланып жатканына токтолду.

Министр: «Урматтуу президентибиз кырдаалдын орчундуулугун Орусиянын президенти Владимир Путинге түшүндүрдү. Режимдин кол салуулары токтошу керек. Сүйлөшүүдө урматтуу Путинге ачык-айкын кол салуулардын сөзсүз токтошу керектигин айтты. Эл аралык коомчулукка да ушундай эле чакырыкты салдык»,-деди.  

Идлибден келе турчу качкындар агымына байланыштуу Чавушоглу: «Төрт миллионго жакын адам бар. Кол салуулар уланган учурунда миллиондогон адам каалгага келет. Мунун жүгүн көтөрө албайбыз. Батыш да көтөрө албайт. Жасалышы керек болгон нерсе кол салуулардын токтотулушу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар