Айрандын грипптен коругандыгы аныкталды

Профессор доктор Дуран берген маалыматында грипптен мурда коргонууга байланыштуу негизги табылгаларды табышкандарын айты.

1344229
Айрандын  грипптен коругандыгы аныкталды

Хатайдагы Мустафа Кемал университетинин медицина факультетинин медициналык микробиология кафедрасынын башчысы  профессор доктор Низами Дуран жана тобу тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө менен айран жана суусунун грипп же суук тийгенге каршы коргогондугу аныкталды.

Профессор доктор Дуран берген маалыматында грипптен мурда коргонууга байланыштуу негизги табылгаларды табышкандарын айты.

Ичиндеги көп сандаган бактерия болгон айран жана айрандын суусу тууралуу иштешкендерин белгилеген Дуран : «Айрандын бактерияларынан жаныбарларга жүргүзгөн тажрыйбалардан алган табылгалардан абдан маанилүү жыйынтыктарды алдык. Инфекциялардан коргонуунун эң негизгилеринин бири иммунитет системабыз чыгарган иммуноглобулиндер, тактап айтканда антителолор. Аткарган эмгектерде текшерүү группасына салыштырганда 2 – 10 эсеге чейин коргоочу антителолор тактап айтканда коргоочу суюктуктар айрандагы бактериялар менен иреттүү түрдө азыктанган жандуулардын, грипп жана башка инфекцияларга каршы 10 эсеге чейин дагы жогорку катнашта коргоду деген мааниге келүүдө»,- деди.

Дуран жасаган эмгектери менен өзгөчө ичинде жогорку санда бактерия болгон, эң аз 24 саат уютулган айран жана айрандын суусун ичүүнүн грипп жана башка ушуга окшогон респиратордук  инфекциялардан коргогондугун белгилешкендерин айтты.



Тектеш кабарлар