Эрдоган:"Түркия Ливиянын мыйзамдуу өкмөтүнүн коопсуздугу камсыздалганга дейре бул өлкөдө болот"

Эрдоган, Стамбулдагы Гайреттепе-Стамбул аэропорту багытындагы метро долбоорунун алгачкы темир жол ширетүүсү аземинде сөз сүйлөдү.

1343211
Эрдоган:"Түркия Ливиянын мыйзамдуу өкмөтүнүн коопсуздугу камсыздалганга дейре бул өлкөдө болот"

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Түркиянын Жер Ортолук деңиздеги укуктары кайтарылып алынганга жана Ливиянын мыйзамдуу өкмөтүнүн коопсуздугу камсыздалганга дейре бул өлкөдөн чыкпай турганын айтты.

Эрдоган,Стамбулдагы Гайреттепе-Стамбул аэропорту багытындагы метро долбоорунун алгачкы темир жол ширетүүсү аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Түркияны Жер Ортолук деңизде Ливия менен коңшу кылган кплишимге токтолгон Эрдоган:"Жер Ортолук деңизде Ливия менен түзгөн келишим аркылуу бүткүл дүйнөнү таң калтырган теңдеме курдук",-деп айтты.

Эрдоган:"Түркиянын Жер Ортолук деңиздеги укуктары кайтарылып алынгыча, 500 жылдык туугандык байланышы болгон Ливия калкынын коопсуздугу камсыздалганга дейре бул жерде болуусун улантат",-деди.


Этикеткалар: #Ливия , #Эрдоган

Тектеш кабарлар