Эрдоган:«Идлибдеги кол салуулар режимдин ок атпоо тууралуу кадамга баш ийбегенинин ачык далили»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стабулда жума намазынан кийин журналисттердин күн тартип тууралуу суроолоруна жооп берди.

1342804
Эрдоган:«Идлибдеги кол салуулар режимдин ок атпоо тууралуу кадамга баш ийбегенинин ачык далили»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Идлиб аймагындагы кол салуулар режимдин ок атпоо тууралуу ташталган кадамга баш ийбегенинин абдан ачык далили болгонун айтты.

Эрдоган, Стабулда жума намазынан кийин журналисттердин күн тартип тууралуу суроолоруна жооп берди.

Президент Сирияда Асад режими күчтөрүнүн Идлибге кол салуусу тууралуу, «Бул режимдин ок атпоо тууралуу кадамга баш ийбегенинин ачык далили болуп саналат. Жекшемби күнү (Германиянын борбор шаары) Берлинде болобуз. Бул темаларды (Орусиянын мамлекет башчысы Владимир) Путин менен кеңири карап чыгабыз. Идлибдеги абалдар санааркатып жатат»,-деди.

Эрдоган, Сирияда 3 түрк аскери шейит кылынган кол салуу үчүн да, «Муну жоопсуз калтыра албайбыз. Мунун беделин оор төлөтөбүз. Берлин Ливия басымдуу көрүнсө дагы Идлиб темасын да күн тартипке алып чыгууну ойлоодомун»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Ливияда ок атпоо жана Берлинде боло турган конференция тууралуу, «Бул адам (Ливиядагы согушкер күчтөрдүн лидери, генерал Халифе Хафтер) ишеничтүү адам эмес. Триполини бомбалоосун улантышты. Берлинде муну ачык көрөбүз. Кааларым берген убадаларын орундатуусу»,-деп айты.

Президент Эрдоган менен Орусиянын мамлекет башчысы Путин, 8-январда Ливиядагы бардык тараптарды ок атпоого чакырды.

Германиянын канцлери Ангела Меркель, Берлинде 19-январь жекшемби күнү боло турган Ливия конференциясы үчүн мамлекет жана өкмөт башчылары деңгээлинде чакырык салган болчу.



Тектеш кабарлар