Калын:«АКШ жана Ирандын Иракта өздөрүн өкүлдүк кылган куралдуу күчтөрү бар»

CNN International телеканалынын программасына конок болгон Калын, Ливиядагы акыркы абалдар менен катар АКШ менен Ирандын ортосундагы кризиске да сереп салды.

1341178
Калын:«АКШ жана Ирандын Иракта өздөрүн өкүлдүк кылган куралдуу күчтөрү бар»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Ливияда бардык нерсе морт экенинин серебин салды.

CNN International телеканалынын программасына конок болгон Калын, Ливиядагы акыркы абалдар менен катар АКШ менен Ирандын ортосундагы кризиске да сереп салды.

Түркиянын Ливия стратегиясы тууралуу суроого Калын, эки өлкөнүн өтмүшкө таянган карым-катнаштары болгонун, Түндүк Африкада саясий ырааттуулукка Түркиянын маани бергенин белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 8-январда ок атууну токтотуу чакырыгын салганын жана Ливияда ок атпоо башталганын эске салган Калын, бирок келишимдин кеңирисин иштеп чыгуу керектигин, Хафтердин ок атпоонун атайын шарттарын карап чыгуу үчүн мөөнөт талап кылганын айтты.

БУУнун Ливия боюнча атайын өкүлү Гассан Саламенин иш-аракеттери оң кабыл алынганын, айрыкча Берлин процессине колдоо көрсөткөндөрүн айткан Калын, Түркиянын 19-январда Берлинде боло турган Ливия саммитинин алдында ок атпоонун камсыздалышы багытындагы иш-аракеттеринин күндемге жана кагылышуунун соңуна чыгарылышына жардамчы болоорун белгиледи.

Калын: «Ачык айтканда Ливияда бардык нерсе морт. Бир гана ок атпоо эмес, саясий процесстин өзү дагы, БУУ процесси дагы. Бардыгы морт. Муну моюнга алыш керек, абдан укмуш абал менен бетме-бет эмеспиз. Абдан түрдүү фракциялар, уруулар, эл аралык актерлор, үлүштөштөр жана дагы көп сандаган элемент кошулган кагылышууну соңуна чыгарууга аракет кылуудабыз»,-деп айтты.

Ибрахим Калын, АКШнын 3-январда ирандык генерал Касым Сүлеймани жана Хашди Шабинин башчы орун басары Эбу Мехди Мүхендисти Багдад аэропортуна жүргүзгөн абадан кол салуусу менен набыт кылышынан кийин аймакта күчөгөн чыңалууга да токтолду.

Түркиянын аймактын жаңы күч колдонуу жана чыңалуу балчыгына сайылбашы үчүн АКШ жана Иран менен сүйлөшүү өткөрүп чыңалуунун басаңдатылышы чакырыгын салганын маалымдаган Калын: «Негизги маселе бул; Ирак, АКШ жана Ирандын күчтөрүн сынаган согуш аянтына айланды. Эки тараптын тең ал өлкөдө өздөрүн өкүлдүк кылган куралдуу күчтөрү бар. Маселенин негизги булагы ушунда жатат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар