ТИКА Пакистанда кыз балдар окуган эки мектепти жаңылады

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) тарабынан Пакистанда Газали Билим берүү фондуна караштуу эки мектептин жаңылануусунан улам азем өткөрүлдү.

1338646
ТИКА Пакистанда кыз балдар окуган эки мектепти жаңылады
tika pakistan.jpg
tika pakistan okul.jpg
pakistan okul tika.jpg

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) Пакистанда жалпы миң кыз бала билим алган эки мектепти жаңылап билим берүү шаймандары менен жабдыды.

Лахор шаарынын астыңкы катмарынан кишилер жашаган аймактардан Мансурдагы Газали Билим берүү фондуна караштуу эки мектептин жаңылануусунан улам азем өткөрүлдү.

Аземге Түркиянын Лахордогу башкы консулу Эмир Өзбай, ТИКАнын Пакистандагы координатору Гөкхан Умут, Эл аралык «Нежип Фазыл» атындагы маданият жана искусство сыйлыгынын ээси, проф. Эмжед Ислам Эмжед менен окуучулар жана мугалимдер катышты.

Ачылышта сүйлөгөн сөзүндө долбоор тууралуу маалыматтарды берген ТИКА координатору Умут, миң окуучу окуган эки мектептин билим берүү инфраструктурасынын кеңейтилип көлөмү арттырылганын белгиледи.

Газали Билим берүү фондунун төрагасы Вакар Анжум Жафри болсо имараттары жаңыланган мектептерде окуган окуучулардын дагы жакшы шарттарда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун айтты.

Өткөн айда Түркияда өткөн «Нежип Фазыл» сыйлыктары тапшырылган аземде Эл аралык маданият жана искусство сыйлыгына ылайык көрүлгөн  пакистандык жазуучу Эмжед болсо, президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан берилген сыйлыктын өзүнө эмес, бардык пакистан калкына сунулганы баса белгиленди.

Пакистан жана Түркиянын ортосунда тарыхтан келген жакын кызматташтык болгонун айткан Эмжед, долбоордун Пакистандын маданий борбору Лахордо ишке ашуусунун өлкөнүн маданият жана билим берүүсүнө маанилүү салым кошо турганын кеп кылды.

Ачылышта окуучулар тарабынан даярдалган чакан программа да тарууланды.



Тектеш кабарлар