Эрдоган менен Путин Ливиядагы бардык тарапты ок атпоого чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владмир Путин Стамбулда биргелешкен билдирүү жарыялады.

1337595
Эрдоган менен Путин Ливиядагы бардык тарапты ок атпоого чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путин, Ливиядагы бардык тарапка 12-январдын түн ортосунда саат 00:00дө ок атпоонун камсыздалышы үчүн чакырык салды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владмир Путин Стамбулда биргелешкен билдирүү жарыялады.

Биргелешкен билдирүүдө кечээ Стамбулда ачылышы ишке ашкан «Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун элдердин орток кызыкчылыгы үчүн иштөөсү менен катар аймактык маселелердин чечилишине дагы салым кошкону белгиленди.

АКШ жана Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөгөнүнө жана Ирактагы терс чагылышууларына катуу санааркагандары орун алган билдирүүдө, Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиячылар армиясынын Кудс күчтөрү командири, генерал Касым Сүлейманини жана анын жанындагыларды 3-январда Багдадда бутага алган АКШнын абадан жүргөзгөн операциясынын аймактагы коопсуздук жана ырааттуулукка терс таасирин тизгизгени баса белгиленди.

Биргелешкен билдирүүнүн Сирия темасында болсо өлкөнүн эгемендиги, көз карандысыздыгы, саясий биримдиги жана жеринин бүтүндүгүнүн корголушун урматтоо тастыкталды.

Эки лидердин билдирүүсүндө Ливиядагы процесс тууралуу чакырык салынып: «Учурдагы орчундуу шарттар астында жана тийиштүү БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдору менен белгиленген максаттарынын негизинде демилге көтөрүү чечимин чыгардык. Ушул алкакта арачылар катары Ливиядагы бардык тараптарды ок атышууларды 12-январдын түн ортосунда саат 00:00дө токтотуу, аянтта ырааттуулуктун камсыздалышы жана Триполи менен берки шаарларда күнүмдүк турмуштун ноормалдашуусу үчүн керектүү чара көрүүлөр менен колдоого алынган туруктуу ок атпоону жарыя кылуу, Ливия калкынын кайгы тартуусун соңуна чыгаруу жана өлкөгө тынчтык, өнүгүүнү кайрадан алып келиш үчүн тез арада сүйлөшүү үстөлүнүн айланасында чогулууга чакырабыз. Ливиялыктардын шартсыз бардык атуулдарынын кызыкчылыктарын эске алган улуттук деңгээлдеги диалогдун алкагында, мекендеринин келечегине көз карандысыз түрдө чечим чыгара ала тургандарына толук ишенебиз»,делди.



Тектеш кабарлар