Чавушоглу Ди Майо менен жолукту

Луижи Ди Майо Түркияга келди.

1336754
Чавушоглу Ди Майо менен жолукту

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Италиянын тышкы иштер жана Эл аралык кызматташтык боюнча министри Луижи Ди Майо кечээ жолукту.

Министри Чавушоглу, италиялык кесиптеши менен Стамбулда бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

Чавушоглу жолугушуу тууралуу Твиттерден берген маалыматында: «Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майону тосуп алганыбыз үчүн кубанычтабыз. Ар түрдүү тармактардагы жакын алакаларыбызды дагы да бекемдейбиз. Ливия кризиси менен катар эл аралык маселелер боюнча пикир алмаштык»,-деди.



Тектеш кабарлар