Эрдоган:«Түркия, MİTтин ийгиликтүү иш-аракеттери аркылуу дүйнөнүн ар тарабында ишин жүргүзүүдө»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,MİTтин Анкаранын Этмесгут районундагы Баглыжа мааласында курулган жаңы имараты «Каленин» (Чеп) ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1335762
Эрдоган:«Түркия, MİTтин ийгиликтүү иш-аракеттери аркылуу дүйнөнүн ар тарабында ишин жүргүзүүдө»
erdogan mit'in acilisi1.jpg
MIT'in yeni binasi KALE2.jpg
MIT'in yeni binasi KALE1.jpg
MIT'in yeni binasi KALE.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) иш-аракеттери аркылуу дүйнөнүн бардык жеринде ишин жүргүзө алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкенин айтты.

Эрдоган, MİTтин Анкаранын Этмесгут районундагы Баглыжа мааласында курулган жаңы имараты «Каленин» (Чеп) ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Түркия жана дүйнө орчундуу процесстен өтүп жаткан ушул убакта, MİTтин колдоосуна ар дайым болгонунан дагы көп муктаждык бар экенин белгилеген Эрдоган буларга токтолду: «Аймактык жана глобалдык күчтөрдүн аймагыбыздагы атаандаштыгынан келип чыккан баш аламандуу жана өзгөргөн картинанын алдында колу бутубуз байланган абалда тура албайбыз».

Чыгыш Жер Ортолук деңизде болуп жаткан абалдарга токтолгон Эрдоган: «Чыгыш Жер Ортолук деңизде өлкөбүзгө каршы пайда болгон аймактык шериктештиктердин жана күч тирешүүсүнүн жыйынтыгы жакынкы келечегибиз үчүн абдан маанилүү»,-деп айтты.

MİTтин саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Жамал Хашогги) кылмышынын ачыкка чагырылышындагы ролуна дагы токтолгон Эрдоган: «Кашыкчы кылмышынын ачыкка чыгарылышында уюмубуздун ойногон ролу, эл аралык аренада өлкөбүздүн имиджин жогорулата тургандай телегейи тегиз болуп эсептелет»,-деп айтты.

Эрдоган, MİTтин акыркы мезгилде террордук уюм ПККнын башкаруучу курамына карай Түндүк Ирактагы операциялар менен өзүн эң коопсуз сезген жерлерди уюмга кудум эле тозоктун торундай кылганын кеп кылды.

Эрдоган, MİTтин Ливияда да милдетин ылайыктуу орундатып жатканын белгилеп, «Түркия, MİTтин ийгиликтүү иш-аракеттери аркылуу эч бир өлкөнүн жардамына муктаж болбостон дүйнөнүн ар тарабында ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду»,-деп айтты.

Өзү жетекчилик кыла турган Улуттук чалгындоо боюнча координация кеңешинин түзүлгөнүн маалымдаган Эрдоган, интернеттин террористтер тарабынан жана тыңчылар тарабынан таасирдүү колдонулган ушул мезгилде уюмдун кибердик тармакка дагы көп көңүл буруусу шарт экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар