Чавушоглу Алжирге барат

Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

1335436
Чавушоглу Алжирге барат

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Алжирге барат.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, министр Чавушоглунун үстүбүздөгү жылдын 6-7-январында Алжирге сапар жасай турганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Сапардын алкагында өткөрүлө турган жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштарыбыздын баардык жагы менен каралышы, өзгөчө аймактык жана эл аралык маселелерде пикир алмашылышы көздөлүүдө», деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар