Президент Эрдоган : "Өлкөбүздө жаңы эмгектерди жаратуу үчүн иштөөнү улантабыз"

Эрдоган : «Артта калган 2010 -  жылдарда өлкөбүздөгү жетишкендиктерге  жаңыларын кошуу менен 2020 -  жылдарда да  иштөөнү,  элибизге кызмат кылууну улантабыз»,- деди.

1332833
Президент Эрдоган : "Өлкөбүздө жаңы эмгектерди жаратуу үчүн иштөөнү улантабыз"

Президент Р. Т. Эрдоган 2020 -  жылдары да иштөөнү, элге кызмат кылууну улантышарын белгиледи.

Президент Эрдоган жаңы жылдан улам соцтармак твиттерден маалымат берди. Маалыматында  2020 – жылдын элге жана бардык адамзат үчүн тынчтык, бейкуттук, эсендикти каалаган Эрдоган : «Артта калган 2010 -  жылдарда өлкөбүздөгү жетишкендиктерге  жаңыларын кошуу менен 2020 -  жылдарда да  иштөөнү,  элибизге кызмат кылууну улантабыз»,- деди.

Президент Эрдоган «10 жылда эмнелерди аткардык?» деген темада бир графикти да бөлүштү. Графикте акыркы 10 жылдын ичинде салынган көпүрөлөр, аэропорт, ылдам поезд жолдору жана эсте калган кээ бир курулуштар менен жергиликтүү курал, коргонуу системаларын өндүрүү жана инвентарга кирүү күндөрүнө орун берилди.



Тектеш кабарлар