Фуат Октай : "Ливия менен түзүлгөн келишим менен бизди кургактыкка камоо оюнун буздук"

«Ливияда Кипрде эмне ишиңер бар»,- деп сурагандарга кайрылган Октай : «Бизге каршы ойнолгон оюндарды  бузуу үчүн ал жердебиз»,- деди.

1333042
Фуат Октай : "Ливия менен түзүлгөн келишим менен бизди кургактыкка камоо оюнун буздук"

Вице  - президент Фуат Октай Түркия Ливия менен келишим түзүп Түркияны кургактыкка камоо оюнун бузгандыгын айтты.

Анадолу агенттигинин күн тартибине байланыштуу маалымат берген Фуат Октай президенттик өкмөт системасынын берген динамизм менен экономикалык кол салуулар менен күрөшүлгөндүгүн айтты.

Сирияда ПКК террордук уюм басып алган аймактарга карата «Тынчтык булагы» операциясын жүргүзүшкөндөрүн баса белгилеген Октай террор коридорун куруу пландарын бузушкандарын белгиледи.

Вице  - президент Октай экономикада 2019 -  жылы тең салмактануунун жана дициплинанын түзүлгөндүгүн, 2020 -  жылы жаңы бир көтөрүлүү мезгилине өтүлөрүн билдирди.

«Ливияда Кипрде эмне ишиңер бар»,- деп сурагандарга кайрылган Октай : «Бизге каршы ойнолгон оюндарды  бузуу үчүн ал жердебиз»,- деди.

Вице  - президент Октай : «Түркиясыз эч бир пландын аймакта ийгиликтүү болуу мүмкүнчүлүгү жок. Ким болсо болсун»,- деди. Октай Ливия менен түзүлгөн келишим менен бизди кургактыкка камоо оюнун буздук»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар