Калын:«Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркияны эсепке кошпогон эч бир пландын ишке ашуусу мүмкүн эмес»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, кечээки Кабинет жыйналышы уланып жатканда маалымат жыйынын өткөрүп, суроолорго жооп берди.

1329184
Калын:«Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркияны эсепке кошпогон эч бир пландын ишке ашуусу мүмкүн эмес»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркияны эсепке кошпогон эч бир пландын ишке ашуусунун мүмкүн эместигин айтты.

Ибрахим Калын, кечээки Кабинет жыйналышы уланып жатканда маалымат жыйынын өткөрүп, суроолорго жооп берди.

Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясы менен түзүлгөн коопсуз тилкенин ичинде дагы тынч жана ырааттуу тынчтык чөйрөсү камсыз болгонун айткан Калын: «Бирок бул аймактарда да (жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы) ЙПГ/ПЙД терроризми эч токтобостон уланууда»,-деди.

Идлибге акыркы убактарда режимдин кол салууларындагы өсүүгө да токтолгон Ибрахим Калын: «Кол салуулардын тез арада токтотулушун, мунун жаңы ок атпоо менен ишке ашырылышын күтүүдөбүз. Орусия тарабынан да негизги күтүүбүз ушул»,-деп айтып, «Бул жерде Орусия тарабынын да чоң жоопкерчиликтин ээси болгонун эске салууда пайда бар»,-деди.

Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасында Калын, Египет, Израиль, Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу жана Грециянын биригип алып Түркияны толугу менен тышта калтырып, өз араларында бир катар жыйналыштарды өткөргөндө, келиширмдерди түзгөндө, долбоорлорду өнүктүрүшкөндө эч ким каршы чыкпаганын түшүндүрдү.

Калын, ал эми Түркия Ливия менен келишим түзгөндөн тарта «Түркиянын эл аралык эрежеге терс кыймыл кылганы» жөнүндө бир топ каралоолор сөз болуп жатканына токтолуп, «Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркияны эсепке кошпогон эч бир пландын ишке ашуусу мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Ливия өкмөтү менен Италия, Франция сыяктуу өлкөлөрдүн дагы түзгөн келишимдери болгонун, эч ким буларды сынга албаганын белгилеген катчы Калын: «Түркия түзгөн келишимдин мыйзамдуулугун сынга алууга да эч кимдин акысы жок. Бирок жалпы принцип катары Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркияны тышкарыда калтырып ал жерде тынчтык, бакубаттык жана ыраттуулук чөйрөсүнүн түзүлө албай турганын дагы ар кимдин билиши зарыл»,-деди.



Тектеш кабарлар