Түркия таштаган кадамдарынан баш тартпайт

Вице-президент Октай сөз сүйлөөсүндө, санкция коркутуусу менен Түркияны токтотууга аракет кылгандар бар экенин эске салды.

1328499
Түркия таштаган кадамдарынан баш тартпайт

Президенттин орун басары Фуат Октай, Түркиянын Сирияда тынчтыкты жактаган мамилесинен дагы, Ливия менен түзгөн келишимден дагы артка кадам таштабай турганын айтты.

Фуат Октай Анкарада өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

Террорду түп-тамыры менен жок кылуу үчүн жүргүзгөн операциялары сынга алынган Түркияны, санкция коркутуусу менен токтотууга аракет кылгандар бар экенин эске салган Октай сөзүн мындай улантты: «Биз, чек араларыбыздын тышынан ок атып жарандарыбыздын өмүрүнө коркунуч туудургандардын жана аймакты террордук кудукка айландыргандардын ким экенине эмес, эмне кылып жатканына карайбыз. Бул террор чордондорунун артында кимдер турса дагы биздин күрөшүүбүз эң күчтүү түрдө уланат. Түркия Сирияда тынчтыкты жактаган мамилесинен дагы, Ливия менен түзгөн келишимден дагы эч качан артка кадам таштабайт. Баардык кадамдарыбыз эл аралык мыйзамга жана эгемендик укутарына туура келет, мындан кийин да ушундай уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар