Түркия Маариф фонду Грузияда жаңы мектептерди ачат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Грузия Эл аралык Маариф мектептеринин жаңы имаратынын ачылышын жасады.

1328023
Түркия Маариф фонду Грузияда жаңы мектептерди ачат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия Маариф фондунун Грузияда жаңы мектептерди ача турганын айтты.

Чавушоглу Түркия-Грузия-Азербайжан үчтүк тышкы иштер министрликтеринин сегизинчи жыйынына катышуу үчүн барган Тбилисиде Грузия Эл аралык Маариф мектептеринин жаңы имаратынын ачылышын жасады.

Чавушоглу 2017-жылы түрк жарандарына карата ачылган билим берүү мекемесинин бүгүнкү күндө грузин мектеби катары жаңы имаратында Грузия Эл аралык Маариф мектептери деген аталышта кызмат көрсөткөнүн түшүндүрүп: «Маариф фонду Грузияда бир гана Тбилисиде эмес, берки шаарларда да жаңы мектептерди ача тургандыгын азыр эле айта кетейин. Грузин, англис жана орус тилдеринде билим бериши, бул мектептин жалпы мааниде эл аралык мектеп экендигинин көрсөткүчү болуп саналат. Маариф фонду дүйнөнүн жалпысында 42 өлкөдө мектептерди ачып кызмат көрсөтүүдө»,-деди.

Чавушоглу Грузия Эл аралык Маариф мектептеринин жогорку билимин Түркияда уланта турчу студенттер үчүн да тандоо себеби болооруна көңүл бурду.

Грузия менен болгон карым-катнаштарга чоң маани бергендерин жана бул өлкөнүн Түркиянын стратегиялык өнөктөшү экенин баса белгилеген Мевлүт Чавушоглу: «Грузия жана Азербайжан менен бирге Кавказ өлкөлөрүнүн жана бул аймактын ырааттуулугуна да өбөлгө түзүүдөбүз. Баку-Тбилиси-Карс темир жолу аркылуу болсо соодага жана транспортко салым кошуп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар