Эрдоган: "Керек болсо Түркиядан Ливияга суу астынан сүзүүчү кеме жөнөтөбүз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде жүргүзгөн саясатына токтолду.

1327681
Эрдоган: "Керек болсо Түркиядан Ливияга суу астынан сүзүүчү кеме жөнөтөбүз"
erdogan golcuk denizalti1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия керек болсо Ливияга колдоо көрсөтүүсүнүн аскердик жагын арттыра турганын айтты.

Эрдоган, Кожаелидеги Гөлжүк кеме куруу командирлигинде алгачкы улуттук суу астынан сүзүүчү кемеси Пири Реисти сууга түшүрүү жана  5-кемеси Сейдиалиреистин алгачкы ширетүүсүн баштоо аземине катышты.

Президент бул жердеги сөзүндө Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде жүргүзгөн саясатына токтолду.

Греция жана колдогон өлкөлөрдүн көп жылдар бою Түркияны деңизге кадам таштай алгыс абалга келтирүүнүн аракетин кылып келгенин айткан Эрдоган: «Ошондуктан Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Ливия менен баштаган процесстерден баш тарта турган болсок, бизге деңизге кире турган жээк, кайырмак сала турган булуң дагы калтырышпайт болчу»,-деди.

Ливия менен түзүлгөн макулдашуу меморандумунун эл аралык эрежеге карама-каршы келген жагы жок экенин белгилеген Эрдоган, мыйзамдуу Ливия башкаруучулугуна абдан олуттуу колдоо көрсөтүүлөрү болгонун кеп кылып, «Керек болсо бул колдоонун аскердик жагын арттырып, кургактыкта, деңизде жана абада ар түрдүү мүмкүнчүлүккө баа беребиз. Ливия жаныбызды аябай коргой турган жер»,-деп айтты.

Президент, Эгейдин дагы Жер Ортолук деңиздин дагы ээсинин бул өлкөгө жээктеш бардык өлкөлөр экенин баса белгиледи.

«Биздин жөн жерден эле бирөө менен уруш чыгаруу, бирөөнүн укугун тебелөө сыяктуу ниетибиз жок»,-деп айткан Эрдоган, эч кимдин Түркияны четке кагуу, жээктерин басып алуу, экономикалык кызыкчылыктарын басып алуу сыяктуу ниеттери менен Түркиянын алдынан чыкпашы керектигин баса белгиледи.

Эрдоган: «Түркия Сирияда таштаган кадамдардан дагы, Ливия менен жетишкен макулдашуулардан дагы эч качан баш тартпайт»,-деди.

Президент Эрдоган, деңиз астынан сүзүүчү кеме тууралуу да 2022-жылдан тарта жыл сайын бир суу астынан сүзүүчү кемесинин тейлөөгө кире турганын белгилеп: «2027-жылы 6 суу астынан сүзүүчү кемебиздин бардыгы тең Деңиз күчтөрүбүздүн буйругунда кызмат кыла баштайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар