Түркия жана Малайзия исламофобия менен бирдикте күрөшөт

Түркия менен Малайзиянын ортосунда «Исламофобия менен күрөшкө карата байланыш долбоору» жана исламга каршы мамилелер менен күрөшүү үчүн биргелешкен байланыш долбоору жүргүзүлөт.

1326525
Түркия жана Малайзия исламофобия менен бирдикте күрөшөт

Түркия менен Малайзиянын ортосунда меморандумуна кол коюлган «Исламофобия менен күрөшкө карата байланыш долбоору» жана исламга каршы мамилелер менен күрөшүү үчүн биргелешкен байланыш долбоору жүргүзүлөт.

Президент Р. Т. Эрдоган менен Малайзиянын премьер  - министри Махатхир Мухаммеддин жетекчилигиндеги аземде кол коюлган меморандум келишимине Түркиянын атынан коммуникация боюнча төрага Фахреттин Алтун кол койду.

Түркия менен Малайзиянын ортосунда кол коюлган «Исламофобия менен күрөшүүгө карата байланыш долбоору» жана исламга каршы мамилелер менен күрөшүү үчүн бир уюмдун түзүлүшү максат кылынууда. Долбоор ислам жана мусулмандарга каршы мекемелик, структуралык жана наадандык менен күрөшүүнү максат кылууда.

Ислам тууралуу тескери түшүнүктүн жок кылынышы, чыныгы исламдык баалууктар тууралуу глобалдык масштабда айырмачылыктын арттырылышы, мусулмандарды исламга каршы мамилереге карата колдоо максатына карата маалымат бөлүшүү үчүн бир платформанын түзүлүшү, жаңылыш далилдер жана калыпташкан ишеничтерди азайтуу максатында ислам дүйнөсү менен батыштын ортосундагы карым  - катнаштарды өнүктүрүү да долбоордун максаттарынан.

Меморандумдун негизинде Стамублда бардык долбоордун башкаруу борбору милдетин аткара турган Коммуникация борбору курулат.



Тектеш кабарлар