Түркия космоско ракета учурат
Түркия абдан өзгөчөлөнгөн космостук ракета моторун иштеп чыкты.
![Түркия космоско ракета учурат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/caf8/7455/0360/5df7514d69c97.jpg?time=1718853020)
![deltay uzay Arif Karabeyoglu.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a2cb/5f65/45fd/5df7525d74f55.jpg?time=1718853020)
Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын карамагында курулган Delta V космостук технологиялар ишканасынын директору Ариф Карабейоглу, Түркиянын алдыдагы жай айында космоско чыга турганын айтты.
Карабейоглу, «Гибриддүү космостук ракета моторун өнүктүрүү» долбоору тууралуу Анадолу агенттигине берген маалыматында, абдан өзгөчөлөнгөн ракета моторун иштеп чыккандарын, окшошторуна караганда бул ракета моторунун дагы коопсуз жана чыгымы дагы аз экенин, космоско чыгуу үчүн ушул учурга чейин 11 атууну ишке ашыргандарын белгиледи.
Карабейоглу: «Быйылкы жайда космоско чыга турган ракетанын биринчи учуусун ишке ашырабыз»,-деп айтты.
Карабейоглу, ракета мотору темасында Түркиянын эми алдыдагы өлкө болуусу үчүн бул долбоорду жүргүзүп жаткандарын баса белгилеп: «Биздин технологиябыздын негизги өзгөчөлүгү жөнөкөй жана арзан болгону. Муну менен бирге коопсуз. Булардын баардыгын эске алганда мындай система менен өндүрүлгөн учуруу аппараты дагы дүйнөдөгү окшошторуна салыштырмалуу арзан болот. Түркиянын колунда ушундай технологиянын болушу космоско жетүүнү камсыздайт»,-деди.