Түрк дүйнөсүнүн Парламентарлар Биримдигинин жыйыны болду

Түрк дүйнөсүнүн Парламентарлар Биримдиги Түрк дүйнөсүнүн Достук Группасынын төрагалары менен элчилерге таанышуу жана иш алып баруу сый тамагын берди.

1324302
Түрк дүйнөсүнүн Парламентарлар Биримдигинин жыйыны болду

Түрк дүйнөсүнүн Парламентарлар Биримдиги Түрк дүйнөсүнүн Достук Группасынын төрагалары менен элчилерге таанышуу жана иш алып баруу сый тамагын берди.

Биримдиктин төрагасы Наил Челеби борбор шаар Анкарада Түркия Жогорку Парламентинин социалдык комплексинде уюштурулган тамакта сөз сүйлөп, биримдиктин курулуш максаты жана аткара турган иштери тууралуу жалпы баа берди. Челеби сөзүндө биримдиктин түрк дүйнөсүндөгү парламентарлар мүчө боло ала турган бир гана жарандык коомдук мекеме экендигин баса белгиледи. Төрага Челеби акыркы беш жылда түрк дүйнөсүндө бир топ долбоорго кол коюшкандарын, көрүнүктүү иштерди аткарышкандарын жана мунун дагы чоң иштер үчүн өздөрүнө күч бергендигин айтты.

Челеби биримдиктин ТҮРКПА жана Түрк Кеңешине байкоочу мүчөлүк үчүн кайрылышкандарын да белгиледи.

Түрк дүйнөсүнүн Парламентарлар Биримдигинин төрагасы АКШ сенатынын 1915 -  жылдагы армян окуяларын  жалган «геноцид»  деп тааныган чечим долбоорун кабыл алышын катуу айыпташкандарын белгилеп : «Жалган армян геноцидин тааныган чечим менен АКШ империализми чыныгы жүзүн ортого салды. АКШ түрк элинин көзүндө эки жүздүү, ишенимдүүлүгүн жоготкон, пайдасын көздөгөн жана түрк душманы бир мамлекет»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар