Шырнакта шейит

Террористтер тарабынан жайгаштырылган жарылуучу зат жарылып кетти.

1320170
Шырнакта шейит

Шырнакта ПККга мүчө террористтер тарабынан жайгаштырылган колго жасалган жарылуучу заттын жарылып кетишинен 2 коопсуздук кызматкери шейит болуп, 7 коопсуздук кызматкери жараланды.

Шырнак губернаторлугунун маалыматына караганда, Идил районунун Жандармерия командирлиги тарабынан Сарыкөй айылында террордук уюм ПКК террористтери жайгаштырып койгон колго жасалган жарылуучу зат аныкталды.

Жарылуучу затты зыянсыздаштыруу учурунда болгон жарылууда 2 коопсуздук кызматкери шейит болуп, 7 коопсуздук кызматкери жараланды.

Маалыматта терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагында операциялардын чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар